Жайкы лагерлердин көйгөйү

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 4 июн 2018
  • Мектеп окуучулары үчүн жайкы эс алуу башталганы алардын үч айлык каникулун маңыздуу, пайдалуу өткөрүүсү ата-эне үчүн маанилүү. Бирок өкүнүчтүүсү, союз маалындагыдай окуунун алдыңкыларын, ата-энесиз балдарга көмөк көрсөтүү үчүн окуучуларды бир аймактан башка тарапка, чет жактарга жайкы лагерлерге жөнөтүү дээрлик жок. Элет жерлеринде окуучулардын жайкы эс алуусу көбүнчө үй жумуштарын бүткөрүү менен чектелсе, калаа аймактарында мүмкүнчүлүгү болсо ата-энелер балдарын эс алуу лагерине жөнөтөт. Бирок өкмөт мындай көйгөйдү чечүү максатында жыл сайын мектеп алдында лагерлерди уюштуруп, балдардын жайкы эс алуусун камсыздоого аракет жасашат.

Комментарии • 0